Канадада теги оогандык жубайлар кыздарын өлтүргөнү үчүн 25 жылга соттолду

Канадага туруктуу жашоо үчүн Ооганстандан келген жубайлар үч кызын жана соттолгон адамдын мурдагы аялын өлтүргөнү үчүн күнөлүү деп табылышты. Соттолгон адамга, анын экинчи аялына жана өспүрүм кыздардын агасына кечирим берилбейт.

Кингстон шаарындагы соттук жараянда төрагалык кылган судьянын айтымында, бул - “ырайымсыз жана шермендечилик” “үй-бүлөнүн абийири жана ар-намысы” тууралуу бурмаланган түшүнүктөрдүн натыйжасы.

Тергөөнүн маалыматтарына караганда, өлтүрүлгөн кыздардын атасы алардын жигиттер менен достошуусуна, денесин көргөзгөн кийимдерди алуусуна жана башка жагдайларга такай нааразы болуп жүргөн.