Европадагы сууктан 169 адамдын өмүрү кыйылды

Украинанын Донецк шаарында үйсүздөр үчүн ачылган жайлардын бири.

Алардын 29у - Польшанын тургундары. Бул өлкөнүн айрым аймактарында ызгаардын күчү 32 градуска чейин жеткен.

Украинада акыркы аптада сууктан каза тапкандардын саны 63кө чыкты. Маалыматтарга караганда, Украинада убактылуу ачылган 2000дей башкалкалоочу жайга миңдеген адамдар келген.

Сууктун күчү Чыгыш Европада да сезилүүдө, Балкан чөлкөмүндө калың кардан улам айрым айылдардын тыш дүйнө менен байланышы үзүлдү.

Ал эми Борбор Азиянын Европага эң жакын өлкөсү – Казакстандын түндүк бөлүгүндө сууктун күчү 30-40 градуска жетүүдө. (UE)