Таласта жаңы акимдерге нааразылар митинг өткөрөт

Бул тууралуу “Азаттыкка” Таластын Өзгөрүш айылынын тургундары кабарлашты. Айыл жашоочусу Анарбек Рыскулбековдун айтымында, Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата районунда аким шайлоодо үч райондо тең “Республика” партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлер жеңип чыкты. "Эртең Талас районунда өтчү шайлоодо да аталган партиянын атынан талапкер болгон аким шайланаары азыртан айтыла баштады", - дейт Рыскулбеков.

Акимдерди шайлоодо өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жана “Республика” партиясынын депутаттары кийлигишүүдө деп нааразы болгондор эртең 6-февралда Таластын облакимчилигинин алдына митингге чыгышат. Бирок "республикачы" депутат Нурбек Алимбеков мындай нааразычылык негизсиз экенин айтып, акимдерди райондук кеңештин депутаттары шайлап жатканын, ага партия тарабынан кийлигишүү болбогонун ырастады. (JAk)