Каза болгон курсанттын сүйлөшкөн кызы өз өмүрүн кыйды

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институтунун 30-январда асынып өлдү делген курсанты Таалай Болотбек уулунун сүйлөшкөн кызы Жамила ызасынан өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.

Расмий маалымат боюнча, курсант асынып өлгөн. Соттук-медициналык экспертиза да ушундай бүтүмгө келген. Бирок жерге берээр алдында молдо жасатын сууга алганда анын денесинде көк ала, бутунда күйүк көргөнүн ата-энеси айтууда.

Коргоо министрлигинде бул окуя боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Жыйынтыгын 8-февралда жарыяланаарын "Азаттыкка" билдиришти.

Бул маселе жөнүндө бугүн парламентте да сөз болуп, депутаттар иликтөө чала жүргүзүлүп жатканын, мындайга жол берген Коргоо министрлигинин жоопкерчилигин караш керектигин айтышты. (RK)