Чарлз Диккенстин 200 жылдыгы белгиленүүдө

Британияда бүгүн жазуучу Чарлз Диккенстин 200 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Жазуучунун Вестминстердеги мүрзөсүнө ханзада Чарлздын катышуусунда гүл чамбар коюу аземи өтмөкчү. Диккенс 1812-жылдын 7-февралында Англиянын түштүк жээгиндеги Портсмаус шаарында туулган. Анын калеминен көптөгөн аңгеме, пьеса, ондогон романдар жаралган. Эң белгилүү романдары – “Оливер Твисттин укумуштуу окуялары” жана “Үзүлбөгөн үмүттөр”.