Өзгөчө кырдаалдар үчүн БУУ беш миллион доллар берет

Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, даяр туруу системасын жакшыртуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы аркылуу 5 миллион доллар бөлүнмөй болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Долбоор быйыл башталып, 5 жылдын ичинде ишке ашырылат.(RK)