Жылына 18 миңден ашуун адам жүрөгүнөн ажал табат

Бүгүн Бишкекте жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоону жакшыртууга арналган жыйын өтөт. Иш-чарага аймактардан келген медиктер, ден-соолук комитеттеринин өкүлдөрү катышмакчы.

Саламаттыктык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда бир күндө 50дөй, ал эми жылына 18 миңден ашуун адам жүрөгү кармап каза табат. (EBM)