Ош: Орусияда иштейм дегендер беш айлык окуудан өтүштү

Орусия өкмөтүнүн жардамы менен Ошто Орусияга барып иштейм дегендер үчүн беш айлык окуу уюштурулду. №16 лицейде 100 киши үч топко бөлүнүп алып гипскартон жасоочу, ширетүүчү жана электр оңдоочулук кесипке ээ болду. "Русский мир" коомдук уюму орус тилин үйрөтүү курстарын өткөрдү. Орусиянын Миграция кызматы аларга Санкт-Петербургдан же башка борбордук региондордогу шаарлардан иш таап бермей болууда. Болжолдуу маалыматтар боюнча, Орусияда бир миллионго жакын кыргызстандык эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын басымдуу көпчүлүгүнүн уруксат документтери жок. (RK)