Кумтөрдөгү абалды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

Бүгүн Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кениндеги абал жөнүндөгү маселе каралып, өкмөттүн мекемелер аралык комиссиясынын маалыматы угулду. Жыйынтыгында курамы 5 фракциянын экиден мүчөсүнөн турган убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Аталган комиссиянын ишине үч айлык мөөнөт берилди.

Ал “Кумтөр оперейтинг компани” тарабынан алтын казып алуу ишинин таасири тийген райондо жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк коопсуздугу жана калкты социалдык жактан коргоо талаптарынын аткарылышын текшерет.

7-февралдан тарта Кумтөрдө бир жарым миңдей киши иш таштады. Үзгүлтүккө учурашына уруксат берилбеген участоктордо гана иш уланууда. Коопсуздук камсыздалган. Иштөөдөн баш тарткандардын негизги талабы - Социалдык фондго 1993-жылдан 2010-жылга чейин төлөнбөй келаткан акчаны берүү же ошонун эсебинен айлыкты көбөйтүү.

Ишкананын маалымат кызматынын өкүлү Сергей Дедюхин "Азаттыкка" айтымында, компания Социалдык фондго баардык тиешелүү төлөмдөрдү мыйзам чегинде төлөп келатат. (RK)