Хоккей: эртең финал өтөт

Бүгүн Бишкектеги шаардык муз айдыңында шайба хоккейинен өлкө чемпионатынын жарым финалдык беттешүүлөрү өтүп жатат. Муз үстүндө өлкөнүн 9 командасы мөөрөй талашып жатышат. 

Хоккей федерациясынын вице-президенти Бакыт Иманалиевдин айтымында, жарым финалда өлкө чемпиону Чүйдүн “Горняк” командасы Бишкектин “Арстан” командасынан жеңилди. 

Эми 26-февралда өлкө чемпиондугу үчүн Нарын шаарынын “Ала-Тоо” командасы менен Бишкектин “Арстан” командасы беттешет. Ал эми үчүнчү орун үчүн “Горняк” жана Жумгалдын “Чаек командасы” мөөрөй талашат.

Чемпионаттын биринчи, экинчи бөлүгү былтыр сентябрь жана декабрь айларында өткөн. (BkA)