Орусияда ажал тапкан кыргыз жарандары көбөйдү

Жыл башынан берки бир ай ичинде Орусияда каза болгон 28 кыргыз жаранынын сөөгү мекенине алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Улукбек Чыналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, январь ичи Орусияда кыргызстандыктар аралашкан кырсыктар көп болгондуктан каза болгондордун саны да өскөн. Мындан тышкары элчи ушул тапта 1043 кыргызстандык Орусиянын түрмөлөрүндө жатканын, Орусияда кеминде 500 миңден ашык кыргыз мигранттары иштээри айтылганы менен 110 миң адам гана расмий каттоодон өткөнүн кошумчалады. (BkA/KKs)