Сербиянын Еврошаркетке мүчөлүккө талапкерлигин биримдиктин министрлери колдошту

Бул өңдүү статус тууралуу акыркы чечим ушул аптанын этегинде Евробиримдиктин саммитинде кабыл алынат. Биримдиктин Жалпы иштер боюнча министрлер кеңешинин жыйыны талаш-тартыштар менен коштолуп, мунаса табуу оңой болбогону айтылды. Сербияга “мүчөлүккө талапкер” деген статусту берүүгө баштап Румыния каршы болуп жаткан. Ал Сербиядагы 30 миңдей румын азчылыгынын укуктары корголушуна кепилдик сураганы айтылды.