Кыргызстанда жылына 7 млрд. сомдук текстил товары өндүрүлөт

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте ачылган “Мода өнөр жайы: буюмдар жана жабдуулар-2012” деп аталган эл аралык жарманкеде билдирди. Анын айтымында, 7 миллиард сомдук товарлардын 6 миллиарды тигүү тармагына туура келет.

Бүгүнкү жарманкеде Кыргызстан, Германия, Казакстан, Орусия өңдүү өлкөлөрдө тигилген кийим-кече, жеңил өнөр жай жабдуулар сатыкка коюлду. (KKs)