Чаткалга кошумча тоют жөнөтүлдү

Миң түктөн ашык чөп Жалал-Абаддын Чаткал районуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Буга чейин да бир нече миң түк жем-чөп Чүй облусунан Чаткал жана Чоң-Алай райондорунажеткирилген болчу. Быйыл кар калың жаап, суук күч болгондуктан Кыргызстандын алыскы райондорунда тоют жетишсиздиги байкалууда. (KKs)