Казакстанда оппозиция активисттери кармалды

Катталбаган Алга партиясынын үч мүчөсү Алматыда кармалды. Үчөө 24-мартка пландалган Жаңы-Өзөндүн курмандыктарын эскерүү жыйыны боюнча баракчаларды таркатып жүргөн жеринен кармалышканын алардын бири Эрлан Калиев Азаттыкка телефондон бышыктады.

Жаңы-Өзөндө өткөн декабрдагы иш таштаган жумушчулардын толкундоосунда аз дегенде 16 киши курман болгон. Алга партиясынын жетекчиси Владимир Козлов январ айында кармалып, Жаңы-Өзөн боюнча коомдук жек көрүүчүлүктү козутуу аракети үчүн айыпталган.