Бишкек-Ош жолундагы унаа тыгын жөнгө салынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, учурда Ош-Бишкек жолу ачык жана унаа тыгыны жок. Таластан Бишкекке келаткан кабарчыбыз Мирбек Айтикеев кечээ кечке маал Төө-Ашууда узун унаа тыгын болгонун, жолдогу жүргүнчүлөрдү ирээтке келтирүү иштери солгун жүрүп жатканын маалымдаган болчу. Кечээ республика аймагы боюнча кар аралаш жаан жаап, жолдо жүрүү татаалдашкан. (EBM)