Кара-Кулжада үч бала дайынсыз жоголууда

Кара-Кулжа районунун Живпром айылынын 12 жашар тургуну Сыймык Калмурза уулу, 8 жаштагы Азатбек Кенебаев жана 6 жашар Нурдөөлөт Калчоро уулу белгисиз жоголууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, балдар 18-март күнү эртең менен райондун Жан-Чукур аймагына жылкы издегени чыккан боюнча кайтып келишкен эмес. Жоголгон балдар жергиликтүү калктын күчү жана райондук ички-иштер бөлүмү тарабынан изделип, бирок азыркы күнгө чейин натыйжасыз болууда. Жоголгон балдардын туугандары издөө иштерин атайын кинологдордун жардамы менен жүргүзүп берүүнү суранышууда. (KKs)