Евразия союзу 2015-жылдын 1-январына карата түзүлүүсү керек

Саммитке чогулган лидерлер. Кремль, 19-март, 2012-жыл.

Бул тууралуу азыркы Евразия экономикалык шериктештиги – ЕврАзЭШтин Москвадагы кечээги саммитинин соңунда орус президенти Дмитрий Медведев билдирди.

Анын айтымында, жогорудагы мөөнөткө карата жаңы уюмду – Евразия Экономикалык союзун түзүү боюнча документтерге кол коюлуп бүтүшү абзел.

ЕврАзЭШтин кечээги саммитине уюмга мүчө: Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандын президенттеринен тышкары, байкоочу мамлекеттер: Украина, Армения, Молдованын лидерлери да катышты.

Саммитте ЕврАзЭШти кайра куруу маселеси талкууланды.

Орус президентинин ырастоосунда, тараптар алдыдагы интеграция 2015-жылга карата Евразия союзун түзүү максаты менен улануусу керектигине макул болушту. Келерки саммит ушул жылдын май айында өтөт. (UE)