Чоң-Алайда жуттан өлгөн малдын саны жети миңге жакындап калды

27-мартка карата Ош облусунун Чоң-Алай районунда 804 (536 уй, 268 топоз) баш ири мүйүздүү мал, 5 744 баш кой-эчки жана 219 жылкы тоюттун жетишсиздигинен өлгөнү маалым болду. 22-февралдан бери Чоң-Алай районуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 48 техникасы менен жалпысынан 150 тонна (7 500 түк) чөп жана 350 тонна арпа жеткирилди. Тоют жеткирүү иши азыр да уланууда. 25-мартта 7 автоунаа менен 75 тонна тоютту Жогорку Кеңеш депутаты Нурлан Сулайманов алып барып, калкка акысыз таратып берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. (RK)