Көлдө "Тынч замандын баатырына" арналган мелдеш өтүүдө

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында самбо боюнча облустук таймаш өтүп жатат. Ал ушул айылдын уулу, 2006-жылы каза тапкан Аваз Акчубаковдун жаркын элесине арналууда.

Аваз Акчубаковдун атасы Акмат Акчубаковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Аваз 2006-жылы июлда Чүйдүн Садовое айылында талаа иштерине унаасы менен жүк ташып жардамдашып, кайра үйүнө кайтып келаткан жеринен ажал тапкан.

Каналдын жээгинде машинесин жууп жатып, өйдөдөн агып келаткан тогуз жашар баланы сактап калам деп өлдү. Тилекке каршы, суунун агымына туруштук бере албай ал бала да, менин уулум да аман кала алышкан жок. Эл аны “тынчтык замандын баатыры “ деп атап жүрөт. Тилекке каршы, мамлекет тарабынан уулумдун эрдигине көңүл бурулбай келет. Бакиевге да, Отунбаевага да кат жазганбыз. Жооп жок. Азыркы бийлик бизди угат болду бекен?”, - деди Акчубаков.

Аваз Акчубаковдун артында эки кызы калды. Бүгүнкү мелдеш Ак-Суу районунун мурдагы акими Кубанычбек Бекбоевдин демилгеси, айыл өкмөтүнүн жана үй-бүлөнүн жеке колдоосу менен өтүп жатканы айтылууда. Ага Ысык-Көл облусунун баардык райондорунан келген 350 балбан катышууда. (RK)