Кара-Балтада ымыркайды көчөгө таштап кетишти

Чүйдүн Кара-Балта шаарында милиция ымыркайды таштап кеткендерди издеп жатат. Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, 4-апрелде Кара-Балтадагы жеке үйлөрдүн биринин дарбазасынын жанына ымыркайды таштап кетишкен. Ал төрөлгөнүнө он күндөй эле болгону аныкталган. (RK)