Апта-маанай (9-15-апрель)

12-апрелде Таласта өтө турган "Кыргызстан жаңы күчтөрү" уюмунун курултайы жергиликтүү калктын тоскоолдуктарынан улам болбой калды.

Оппозиция Жалал-Абаддагы митингинде өлкө калкына кайрылуу кабыл алып, талаптарын аткарууга бийликке он күндүк мөөнөт берди.

Чоң-Алайга таандык төрт жайлоо Тажикстанга өтүп кеткени жөнүндө жергиликтүү калк маалымдады. Бирок Чоң-Алай районунун акими Азизбек Ашыралиев чек ара маселелери өкмөттүк деңгээлде чечилип жатканын айтты.

Жалал-Абадда террорчулукка каршы машыгуу өттү.

Оштун Ноокат районунда жети адам "Хизб-ут Тахрир" уюмунан чыкканын жарыялады. 

Кыргыз өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун Бишкекте казак олигархы Булат Утемуратов менен жабык жолукканы Жогорку Кеңеште кызуу талкууланды.

Бишкектин "Дордой" базарынын тегерегинде жайгашкан жаңы конуштардын тургундары борбордук таштанды таштоочу жайдын жолун тосушту.

Астрахандагы шаар башчысын шайлоо боюнча өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган ачкачылык жараяны уланууда.