Хорватиянын мурдагы өкмөт башчысы айыпталууда

Хорватиянын мурдагы өкмөт башчысы Иво Санадер мамлекеттик казынадагы 13 миллиондой долларды максатсыз пайдаланганын мойнуна алуудан баш тартты. 2003-2009-жылдары премьер-министр кызматын аркалаган Санадерге каршы бир нече кылмыш иши козголгон. Аны менен кошо мурда бийликте турган Демократиялык союз партиясынын бир нече аткаминерлери соттолууда. 3 киши күнөөсүн мойнуна алышты. Санадер чет өлкөлүк коммерциялык фирма жана банктар менен мыйзамсыз келишимдерди түзгөн деп күнөөлөнүүдө.