Хамид Карзай талиптерге кайрылды

Бүгүн Ооганстандын президенти Хамид Карзай талиптерге кайрылып, алардын чабуулдары тынчтык сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратып жатканын айтты.

- Талип, боордош! Силер жасадык деп моюнга алган каргашалуу окуяны силерби же башка чет элдиктер кылдыбы  – айтор, бул Исламга, мусулмандарга же оогандарга эмне берди? Эки жолу тең силер мусулман-оогандарды өлтүрдүңөр, - деди Карзай.

Президент Кабулдагы жана башка 2 шаардагы чабуулдардан кийин ушундай  билдирүү жасады. Жекшембиде үч шаарда болгон чабуулдарда 35 киши жарадар, анын ичинде ооган атайын кызматынын 11 мүчөсү жана 4 киши өлгөн эле. Бул чабуулдар адам өмүрүн гана албастан, ал жердеги инфраструктура менен экономикага дагы запкысын тийгизди. 

Ооган өкмөтү 2014-жылы эл аралык аскерлер чыгып кеткиче өлкөдө бейкуттук орнотуу үчүн талиптер менен сүйлөшүүлөр улантыла берерин билдирип келет.