Араван каналына түшүп кеткен адамдын сөөгү табылды

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы Арек айылында сууга агып кеткен адамдын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, 18-апрелде Араван каналына түшүп кеткен Карим Темирбаевди издөөгө ӨКМнын куткаруучулары  тартылган. Темирбаевдин жансыз сөөгү табылып, бүгүн, 19-апрелде туугандарына берилди. (RK)