Бишкек: Жаш түркологдор эл аралык жыйынга чогулат

Бүгүн Бишкекте кыргыз-түрк Манас университетинде жаш түркологдордун үч күндүк симпозиуму башталат. Ага алты мамлекеттен: Түркия, Казакстан, Кытай, Азербайжан, Өзбекстан жана Ооганстандан келген жаш окумуштуулар катышат.

Жыйында тил, тарых жана маданият тармагындагы илим изилдөөлөр боюнча 90дой баяндама жасалат. Мындай симпозиум ушуну менен бешинчи ирээт өткөрүлүп жатат. (EBM)