Молдованын президенти Брюсселге иш сапар менен келди

Март айында шайланган Николай Тимофти алгачкы чет элдик сапарын Брюсселден баштады. Бул окуяны Европа комиссиясынын президенти Хосе Мануэл Бароссо мындайча баалады:

 – Президенттин шайлангандан кийинки алгачкы чет элдик сапарын Брссселден баштаганы анын Молдованын Европа Биримдиги менен жакындашуусуна кызыкдар экендигинин ачык далили.