Бүгүн Орусияда майрамдык ири акциялар өтөт

Профсоюздар уюму Москва шаар бийлигине маалымдаганга караганда, бүгүн борбордо эле жүз миң адам 1-майга карата уюштурулган акцияга чыгат. Көз карандысыз профсоюздар федерациясынын лидери Михаил Шмаков мындай ири акциялар бүгүн Якутский, Перми жана Хабаровдо да өтөөрүн билдирип, иш-чарага жалпы Орусия боюнча 2 миллион адам катышаарын айтты. Көз карандысыз профсоюздар федерациясы Орусияда эң ири профсоюздардын бири, аларга мүчө болгондор саны 22 миллион.

Бүгүн 1-майга карата Орусиянын көптөгөн шаарларында саясий партиялар дагы акция-жүрүштөрдү жасашат. 1-май - эмгекчилердин бүткүл дүйнөлүк тилектештик күнү.