Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө коомчулук да тартылат

Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын ишин көзөмөлгө алуу үчүн жарандык коом өкүлдөрү тартылат. Бул тууралуу бүгүн дирекциянын маалымат кызматынан кабарлашты. Шаарларды калыбына келтирүү иши кандайча жүрүп жатканы боюнча ойлор, сын-пикирлер ачык айтыла турган жолугушуулар өткөрүлмөй болду. Дирекция 2010-жылдын июн айындагы коогада жабыркаган шаарларды кайра калыбына келтирүү үчүн түзүлгөн. Каржылоо мамлекет жана эл аралык донорлор тарабынан жүргүзүлүүдө. (RK)