Москвада кыргыз мигрант кыз менингиттен каза тапты

Москвада Кыргызстандын жараны 19 жаштагы мигрант Камчыбек кызы Айсулуу менингококцемия оорусунан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Аны менен чогуу бир үйдө жашаган дагы жети кыргызстандык ооруканага жаткырылганы кабарланууда. Бир сыйра дарылангандан кийин бүгүн алтоо чыгарылат. Ал эми 29 жаштагы Гүлнара Жамгырчиеванын абалы өтө оор болгондуктан ал азырынча реанимацияда жатат. Элчиликтен кабарлашкандай, жабыркагандардын баары Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун тургундары экени аныкталды. (RK)