“Азаттыктын” кабарчысы сөз эркиндиги боюнча сынакта биринчиликти алды

“Журналисттер” коомдук бирикмеси уюштуруган “Сөз эркиндиги тууралуу ээн эркин” деген сынакта “Азаттыктын” кабарчысы Алмаз Исманов “Электрондук маалымат каражаттарын ким көзөмөлдөйт” деген макаласы үчүн биринчи орунду алды. Экинчи орунга журналист Зинакан Пасанова, үчүнчүгө Мамат Сабыров ээ болду. Андан сырткары бир катар журналисттерге кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Сынакка жалпысынан 34 материал келип түшкөн. Мындан сырткары мыкты карикатура үчүн Ринат Маматбековдун эмгектери тандалып алынды.
Иш-чара Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата Бишкектеги Журналисттер аллеясында өттү. (КЕ)