"Кумтөрдүн" экологияга тийгизген таасири иликтенет

"Кумтөр оперейтинг" компаниясынын ишмердүүлүгүн, анын экологияга тийгизген таасирин иликтей турган депутаттык комиссия мүчөлөрү бүгүн Ысык-Көлгө барат. Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеванын “Азаттыкка” айтымында, комиссия мүчөлөрү беш күн бою маселе менен жеринен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугат. Эл өкүлдөрүнөн сырткары Кумтөргө эл аралык жана жергиликтүү эксперттер барат.

Жогорку Кеңештин мындан мурдагы жыйындарында эл өкүлдөрү кендин калдык сактоочу жайлары кооптуу абалда экенин, аймакта мөңгүлөр эрип жатканын белгилешкен. Кенге жакынкы көлдөр менен сууларда уулуу заттардын көлөмү нормадан ашканы айтылган. 15-февралда Кумтөрдөгү экологиялык маселелерди иликтей турган үчүнчү депутаттык комиссия түзүлгөн. (КЕ)