Грекияда президент коалиция түзүү боюнча чукул жыйын чакырды

Президент Каролос Папулиас саясий жетекчилерди коалиция түзүү боюнча жекшемби күнү сүйлөшүүгө чакырды, бирок андан майнап болоору күтүлбөйт. Жума күнү Социалисттик "Пасок" партиясынын жетекчиси Эвангелос Венизелос коалициялык өкмөт курай алган жок. Ага Грекияга бөлүнгөн 130 миллиард евролук куткаруу планын күчүнөн кетирем деген радикал солчул Алексиз Трипрас кедерги болду. Эгер жемшембидеги сүйлөшүүдөн жыйынтык болбосо, президент жаңы шайлоо жарыялоого мажбур болот. JCH