Азербайжанда активисттер жыйналуу эркиндигин талап кылды

Полиция коомдук палатанын активисттерин кармаган учур. Баку, 14-май, 2012-жыл.

Оппозициячыл партиялардын Коомдук палата деген уюмга бириккен активисттер тобу кечээ Бакунун ишкер борборундагы паркта уруксат алынбаган демонстрация учурунда бийликтерден шаардын борборунда жыйналууга жол берүүнү талап кылышты.

Бакунун мэри Хажибала Абуталибовдун кызматтан кетишин талап кылган активисттер “Азаттык”, "Азаттык" деп кыйкырышып, шаардык мэрияны көздөй жүрүш жасоого аракеттеништи эле, алардын жолун полиция тороп, бир нечесин кармады.

Бул - Коомдук палата тарабынан акыркы бир айда уюштурулган экинчи нааразылык акциясы. Уюм Азербайжанда адам укуктары бузулуп жаткандыгын Бакуда 22-26-майда Евровидение ыр сынагы өткөн учурда да көтөрүүнү мерчемдөөдө. Бийликтер бул топко буга чейин нааразылык акциясын Бакунун четинде өткөрүүсүнө уруксат берип келген. (UE)