Энелер күнүндө эне болгондорго өкмөт белек берет

Өкмөт Энелер күнүн белгилөө боюнча планын жарыялады. Кыргызстандын бардык айыл-шаарларындагы Баатыр энелерге жана Энелер күнүндө алгач көз жарып, эне болгон келиндерге белек берилет. «Энелерге-таазим!» акциясы өтөт. Көргөзмө, концерт, чыгармачылык кечелер жана спорттук иш-чаралар уюштурулат. Көп балалуу энелерге ден соолугун бекер текшертип алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен быйылтан тарта Кыргызстанда Энелер күнү өткөрүлүп турмай болууда. Бул күн ар жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. (RK)