Сүлүктүдө бир мектеп жабылды

Баткендин Сүлүктү шаарында 12-майда каптаган селдин айынан бир мектеп жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Анын айтымында, селдин кесепетинен Кольцо айылындагы №6 Кайымкулов атындагы 140 окуучу окуган орто мектеп кыйроо абалына келип, мектеп жабылды. ӨКМ тарабынан 30 орундуу 3 даана чатыр берилди. Разаков көчөсүндө жайгашкан маданият үйүнүн,  китепкананын  имараттары  да жабыр тартканы айтылууда. (RK)