Сузакта ууланган 28 адам ооруканага жатты

Жалал-Абаддын Сузак райондук ооруканасына тамак-аштан ууланган 28 адам жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Жабыркагандардын жетөө 14 жашка чейинки балдар. Дарыгерлер алар сальмонеллезге чалдыккан болушу ыктымал дешүүдө. 12-майда Кызыл-Туу айылынын бир тургуну тай саюп, коңшуларына тараткан. (RK)