Сузакка жаткан бейтаптарда жугуштуу оору аныкталган жок

Жалал-Абаддын Сузак районунда жугуштуу ооруга чалдыкты деп ооруканага жаткырылган бейтаптар кайра чыгарылууда. Райондук оорукананын директору Жунусалы Макамбаев бүгүн 7 адам үйүнө коё берилгенин билдирди. Абалы жакшырган Таштак айылынын алардан башка тургундарына да кечке дейре ооруканадан чыгууга уруксат берилет.

Макамбаевдин айтымында, 12-майда союлган тайдын этин жеп ууланды деген шек менен 16-майда ооруканага жаткырылган Таштак айылынын 26 тургунунан жугуштуу оору аныкталган жок.  (YA/RK)