Студенттер СПИДке бекер текшерилет

15-майдан 1-июлга чейин Бишкекте окуган студенттер СПИДке бекер текшериле алат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. 20-май – СПИДден каза тапкандарды эскерүү күнүнө арналган бул акциянын алкагында “Дордой” жана “Мадина” базарларында иштегендер да текшериле алат. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда азыркы кезде ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын жалпы саны 4178ди түзөт. Айыккыс илдеттен каза тапкандардын саны 463 киши. Алардын 203ү СПИДден өлгөн. (RK)