Дүйнөдө жаштар арасындагы жумушсуздук кризистик деңгээлде

Бул тууралуу эл аралык Эмгек уюмунун жаңы баяндамасында айтылат.

Баяндамада белгиленгендей, дүйнөдө 15тен 24кө чейинки курактагылардын 12,7%, же 75 миллионго жакын адамдын иши жок.

Бул глобалдык каржы кризиси күчөгөн 2009-жылдагы көрсөткүчкө дээрлик жакын.

Эл аралык Эмгек уюмунун эсебинде, дүйнө аймактарынан жаштар арасындагы жумушсуздук деңгээли Түндүк Африкада эң жогору. Бул аймактын көрсөткүчү дээрлик 28% барабар. (UE)