Беларустагы кыргыз элчилигин жабуу талабы коюлду

Ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров уюштурган пикет өтүүдө. Негизги талап - Кыргызстандын Беларустагы элчилигин жаап, элчини мекенине кайтаруу.

"7-апрел" кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыровдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бул акция "Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси дагы эле чечилбей жатканына байланыштуу" уюштурулууда.

15-марттан бери Токтонасыров Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында "Бакиевди бергиле же өзүңөр кеткиле!" деген жазуу менен чыгып жаткан болчу. Бирок анын бул талабына белорус тараптан эч кандай жооп болгон жок.

Бүгүн парламентте 2010-жылдын апрел-июн окуялары боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы талкууланып жатат. (RK)