Президент насыя алгандар көйгөйүн талкуулады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн банк жана микрокредиттик компаниялардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Насыя акча алып, карызын төгө албай жүргөндөр маселесин талкуулады. Улуттук банкка бул боюнча чара көрсүн деп тапшырма берди.

Насыя алып иштетип, 2010-жылы апрел жана июн окуяларында бизнесинен ажырагандар ушул күнгө чейин карызынан кутула албай жүргөнүн айтып, нааразылык акцияларын уюштуруп келет. Үстөк пайыздар да жогору экенин айтышат. (RK)