Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасы бир топ мамлекеттердин жарандарына визасыз каттамга уруксат берчү мыйзам долбоорун жактырды. Эгерде долбоор мыйзам катары күчүнө кирсе, АКШнын, Евробиримдиктин жана түштүк-чыгыштагы айрым Азия мамлекеттеринин жарандары Тажикстанга бир айга визасыз каттай алышат. Тышкы иштер минстринин орун басары Махмуджон Собиров бүгүн журналисттерге сүйлөп жатып, тажик өкмөтү визасыз каттамга уруксат берилиши чет-өлкөдөн инвестиция тартууга жана туристтердин келишине шарт түзөт го деп үмүттөнөөрүн айтты. Мыйзам долбоорун эми Сенат жактырышы керек, ошондон кийин гана ал президент Эмомали Рахмонго кол коюуга жиберилет.