Сегиз өлкө Сирия дипломаттарын чыгарууда

Британия, АКШ, Франция, Германия, Испания, Италия, Канада жана Австралиянын Сирия дипломаттарын чыгаруу чечими жөн-жай тургундардын, анын ичинде өткөн аптада Хула шаарында 108 адамдын өмүрү кыйылышына биргелешип нааразылык билдирүү акциясы болду.

Британ тышкы иштер министри Уильям Хейгдин айтымында, бул - Хуладагы кыргындан кийин Сирия режимине кысым көрсөтүү алкагындагы иш

- Албетте биз кысым көрсөтүүнүн башка жолдорун да издейбиз. Биз Евробиримдик менен Сирияга санкцияларды дагы күчөтүү жагын талкуулап жатабыз. Мен кечээ Орусия менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм. Биз режимге кысым көрсөтүүнү күчөтүүнү улантууга аракеттенебиз.

Хуланын четиндеги Талдо районундагы кандуу окуя 25-майда болгон. Андан 108 киши, анын ичинде аялдар менен балдардын өмүрү кыйылган.

БУУнун байкоочуларынын айтымында, танк жана артиллерия снаряддарынын калдыктары, танктардын жаңы издери - Сириянын өкмөттүк күчтөрү Хуланы аткылаганынын анык белгиси.

Бирок байкоочулар аялдар жана балдарды жакын аралыктан ок атуучу курал жана бычак менен өлтүргөндөр кимдер экендигин ырастай албасын кошумчалашты.

Күбөлөр менен активисттердин айтымында, сунниттер жашаган кыштактын тургундарына президент Асад өкүлү болгон аллавит тайпасынын согушкерлери кол салган. Асаддын алавит азчылыгы үстөмдүк кылган режими болсо балдар менен аялдарды сунни согушкерлери өлтүргөнүн айтууда. (UE)