Чек ара аскерлеринин жашоо шарты иликтенет

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Кыргызстандын чегинде турган чек ара аскерлеринин жашоо шартын изилдеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуштоодо. Демилгечилердин бири, депутат Токон Мамытовдун “Азаттыкка” тастыкташынча, атайын топ түзүүгө Кыргызстанда чек ара аскерлери начар шартта кызмат өтөп жатканы себеп болууда. Изилдөөнүн жыйынтыгында чек ара бекеттерин абалын жакшыртуу боюнча сунуштап иштелип чыкмакчы. Бул маселе Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин бүгүнкү жыйынында каралганы турат. (KKs)