Кара-Көл: Кокустуктан адамды атып алган милиция камалды

Кара-Көл шаардык милициясынын бир кызматкери ишине шалаакылык мамиле кылып, кокустуктан ок чагырып адамды жарадар кылган деп айыпталып камакка алынды. Жалал-Абал облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдиновдун “Азаттыкка” билдиришинче, буга байланыштуу кылмыш иш козголуп, сотко жөнөтүлгөнү жатат.

Шаардык милициянын кызматкери 4-майда тапанча колдонуудагы эрежелерди сактабай убактылуу кармоочу жайдан сотко алып бараткан адамды атып алганы маалымдалган. Жабыркаган адам далысынан ок жеп, оорукана жеткирилген. Абалы түзүк экени айтылууда. (EBM)