Кыргыз жоокерлери ШКУнун аскерий машыгуусуна катышат

Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн “Тынчтык миссиясы-2012” деп аталган биргелешкен машыгуу бүгүн Тажикстандын Хожент шаарында башталат. Кыргызстан бул иш-чарага 80 жоокерин жөнөттү. Машыгуу бир аптага созулмакчы. 14-июнда ага ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери келет.

ШКУга алты мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия жана Кытай мүчө. Уюм былтыр 10 жылдык мааракесин белгилеген болчу. (EBM)