20-июнга карата аба ырайы

20-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолу аймактарда кар түшөт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34,
Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 28...33,
Баткенде түнкүсүн 17...22 күндүз 30..35 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22 күндүз 32...37,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9..14 градус, күндүз 24...29
Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 24..29,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0..+5, күндүз 21...26,
Тоолордо түнкүсүн -2...+3, ал эми күндүз 10..15 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17...19, күндүз 32...34 градус болот.

Бүгүн (19-июнда) эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 18 градус болду.