Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы Торугарт жана Эркеч-Там чек ара өткөрүү пункттары үч күнгө, 22-июндан 24үнө чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Чек ара кытай тараптын демилгеси боюнча, "Ажыдаар кайыктарынын фестивалына" байланыштуу жабылып жатат. (RK)