Пакистан президенти өкмөт башчылыкка партиялашын көргөздү

Пакистан президенти Асиф Али Зардари Махдум Шахабуддинди өкмөт башчылыкка көрсөттү. Текстиль өнөр жайынын министри Шахабуддин башкаруудагы “Пакистандын Элдик партиясынын” ветеран-мүчөсү. Партия парламенттин төмөнкү палатасында көпчүлүктү түзгөндүктөн, эртеңки атайын сессияда анын талапкерлиги колдоо табат деп күтүлүүдө.

Бир нече күн мурун Жогорку сот премьер-министр Юсуф Реза Гилани кызматында кала албайт деген чечим чыгарган. Экс-премьер соттун чечимине баш ийбей, президент Зардариге каршы кылмыш ишин кайра козготпой койгондугу үчүн апрель айында күнөөлүү деп табылган. Гилани Зардари мамлекет башчы катары толук имунитетке ээ деп айтып келатат.